Түркиянын Эрзинжан провинциясында алтын казган шахта урап, жумушчулар уранды алдында калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Илич районунда ири көлөмдө жер көчүп, шахтаны уратып кеткен.
Өлкөнүн ички иштер министринин айтымында, 9 жумушчу дайынсыз болууда. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.