7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президентин кабыл алды

516

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда, Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды.

Кыргызстанда боксту өнүктүрүүнүн жана өлкөдө эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Эл аралык бокс ассоциациясынын Президенти менен учурашып, анын иш сапары Кыргызстандагы бокстун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Жапаров өлкөдө жакшы бокс мектеби бар экенине, муну ири эл аралык мелдештерде жеңген жогорку пробадагы медалдар тастыктап жаткандыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ал эл аралык аренада ийгиликтүү намысты коргой алган, чет элдик турнирлерде судьялар катары да өлкөнү көрсөткөн ата мекендик спортчулардын дарамети жогору экенин белгиледи.

Мындан тышкары Умар Кремлев Эл аралык бокс ассоциациясы Кыргызстанда бокс боюнча эл аралык турнирди жана чет элдик спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын өткөрүү, ошондой эле республикада Бокс академиясын куруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

517