Өлкө башчы Садыр Жапаров элди түйшөлтүп жаткан 3 маселе тууралуу кайрылуу жасады.
(Текст өзгөртүүсүз берилди)
Урматтуу кыргызстандыктар!
Акыркы күндөрү жалпысынан 35 саат учакта олтуруп бүгүнкү күндө элди түйшөлтүп жаткан 3 маселе боюнча кайрылуу жазып койдум эле. Бүгүн жарыя кылып жатам.
1 – электр энергиясы маселеси
2 – тышкы жана ички карыз маселеси
3 – айдоочулук күбөлүк боюнча маселе.
Кечээ күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн, чектөөсүз колдонууга чакырык жасоо демилгеси “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” (КУЭТ) акционердик коому тарабынан Министрлик менен алдын ала макулдашылбастан туруп көтөрүлгөн экен.
Бул маселе коомчулукта кеңири талкуу жаратты.
Ооба, бул чектөөсүз тарифи үч жыл мурун киргизилген, импорттолгон электр энергиясынын баасы менен калкка сатылып жаткан электр энергиясынын баасынын, айырмасын аз болсо да толуктоо үчүн.
Бирок, азыркы шартта суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2,0 млрд куб метрге аз, ошондуктан чектөөсүз тарифке кошулууга бөгөт коюлду.
Мен ММКдан көрүп дароо эле министрге телефон чалып, катуу айтып бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырдым.
Жыйынтыгында «КУЭТ» ААКнын башкы директоруна жана коммерциялык
маселелер боюнча башкы директордун орун басарына «Сөгүш» берилди, андан тышкары электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы И.А.Орозбаев кызмат ордунан бошотулгандыгын билдирди.
Эми учурдан пайдаланып, бул тармак боюнча кеңири маалымат бере кетейин.
Эл чындыкты билиш керек.
2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду түзгөн.
Кыргызстандын энергетика системасы мына-мына катастрофа болот деп турган убак эле. Ошол учурда “Чыгыш электр” жана “Жалал-Абад электр” ААКынын абалдары өтө оор болчу, тышкы жана ички карыздары күндөн-күнгө өсүп, жумушчуларына эмгек акысын төлөө үчүн коммерциалык банктардан карызга акча алышчу. Мындайча айтканда банкрот болуп калышкан.
Энергетиктер ал мезгилдеги кыргыз энергетика системасындагы болуп жаткан бул жагдайды жакшы билишет.
Бүткүл генераторлор эски. 1960-жылдардан бери жаңыланган эмес.
Жаңы салынган ГЭСтер да жок. Болгону 2009-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи генератору ишке кирген.
Башка көзгө басар бир ГЭС курулган эмес.
Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген.
Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур.
Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим.
5 сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир Кудай өзү билет.
Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт.
Ошондуктан азыр чындыкка жетип териштириш кыйын.
5 сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан.
Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген.
Ошентип, 2020-жылдан баштап бул тармакта ар кандай реформаларды жүргүзүүнүн, анын ичинде ар кыл күмөндүү схемаларды, уурулук, коррупциялык аракеттерди жоюунун, электр энергиясындагы жоготууларды кескин төмөндөтүүнүн негизинде 137 миллиард карызды азайтып жүрүп олтуруп, бүгүн 25 миллиардга түшүрдүк.
Кудай буюрса, келээрки жылы муну да толук кутулуп, 2027-жылдан баштап энергетика системабыз тарыхыбызда биринчи жолу пайдага чыга баштайт. Бул мамлекеттүүлүк үчүн, көз карандысыздыгыбыз үчүн чоң жетишкендик.
Эгер мен деле “башымды оорутпайын, менин президенттик мөөнөтүм эптеп өтүп кетсе болду” деп ГЭСтерди салбай, реформаларды жасабай, энергияны 5 сомдон импорттоп келип, 1 сомдон элге берип коюп олтура берсем боло берет эле. Муну 5-класттын баласы деле жасай алат.
Мен бул жолду тандабадым. Эгер мен да ушул жорукту улантсам, анда энергетика системабызда накта катастрофа болмок.
Азыр болсо кышкысын энергияны 3 сомдун тегерегинде (себестоимость) импорт алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатабыз.
Калган айырма дагы деле министрликтин мойнунда.
Бирок ошого карабастан, биздин жасап жаткан реформалардын, ар кандай айла амалдардын негизинде келээрки жылы министрлик 25 миллиард сом карызынан толук кутулуп, 2027-жылы кирешеге чыга баштайт деп үмүт артып турабыз.
Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз. Ошондуктан суунун деңгээлин сактоо үчүн жана электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюу үчүн биз электр энергиясын көп көлөмдө импорттогонго аргасызбыз.
Биз бүгүн энергияны азыраак импорттош үчүн элди үнөмдөөгө гана чакырып жатабыз.
Канчалык үнөмсүз колдонсок, ошончолук акча каражатыбыз сыртка чыгып кетип жатат деп билиңиздер.
Ошондуктан бүгүнкү күндө мамлекеттик мекемелерге дагы кечки саат 18:00дөн кийин имараттардагы светтердин, приборлордун баарын өчүрүп кетүү талабын коюп жатабыз.
Энергия эч качан жетишсиз болбойт. Чексиз импорттоп алып келе берсек болот. Бирок бюджеттен ашыкча акчабыз кетип жатат.
Бул каражаттар элдин, өзүңүздөрдүн эле акчаңыздар. Ошону билип коюңуздар.
Эгер чындап келсе, жеке жактар дагы энергияны үнөмдөбөйт.
Кээ бир үйлөрдү карасаң, күндүз деле светти жандырып алышат.
Көчөдө кетип бара жатсаң, короосундагы свети күндүз деле жанып турат.
Ошондуктан учурдан пайдаланып, ар бир жаранга кайрыла кетет элем.
Светти үнөмдөп пайдаланыңыздар. Ар бир күйүп турган 100 Ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетип жатат деп билиңиздер.
Элестетиңиздерчи, бир эле лампочка үчүн 270 литр суу агып кетет.
Ошондуктан түнкүсүн баарын өчүрүп жатууну унутпаңыздар.
Мен Европада 4 жыл жашадым. Ашыкча бир мүнөт дагы свет колдонушпайт. Дароо өчүрүшөт. Анткени ал жакта свет кымбат.
Мисалы үчүн Германияда кышкы мезгилде бир кВт саат электр энергия 50 евроцент же болбосо 50 сомго чейин турат.
Ал эми Орто Азияда, мисалы Өзбекстанда, тариф керектөөсүнө жараша саналат, бир миң кВт саат колдонсоңуз, айына орточо 500 сумдан төлөлөйсүз, сом менен 3 сом 60 тыйын, канча көп электр энергиясын колдонсоңуз, ошончого тарифи өсөт.
Ал эми Казакстандын Алматы шарында минималдуу электр энергияга болгон тариф 30 тенгеден 50 тенгеге чейин, сом менен 5 сомдон 8 сомго чейин.
Бизде Кыргызстанда болгону 1 сом 37 тыйын.
Албетте, ал жактарда эмгек акы жогору дешиңиздер мүмкүн. Ошол жогорку эмгек акылар жана ал жактарда жашоого болгон баалар менен салыштырып көрсөк, ошондо деле бизде свет эң арзан болуп чыкты.
Анткени алар алган айлыктар тамак-аш, медициналык камсыздандыруу, үй жана унаа камсыздандыруу, салык болуп олтуруп, айлыктары дээрлик биздики менен бирдей эле болуп калат.
Биз 3 жылдан бери массалык түрдө ГЭСтерди, күндөн жана шамалдан энергия алчу станцияларды куруп жатабыз.
Жакында тарыхыбызда биринчи жолу күндөн энергия алчу станция ишке кирет. Бирок ошого карабастан, кышкысын энергия жетишпейт.
Себеби жыл сайын жүздөгөн завод-фабрикалар, миңдеген мектеп, бала-бакчалар, миллиондогон квадрат метр үйлөр курулуп, алар да көптөгөн энергия талап кылып, дефицитти кубалап жетпей келе жатабыз.
Буга чейинки ишке киргизилген ГЭСтерди айта кетейин.
2024-ЖЫЛЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛГЕН ГЭСтер
— Бала-Саруу ГЭСи – 25 МВт (Талас облусу)
— Ысык-Ата-1 ГЭСи – 2 МВт (Чүй облусу)
— Көк-Арт ГЭСи – 6,7 МВт (Жалал-Абад облусу)
— Кайнама ГЭСи – 9,6 МВт (Жалал-Абад облусу)
— Исфайрам-1 ГЭСи – 2 МВт (Баткен облусу)
— Курак-Тектир-1 ГЭСи – 0,6 МВт (Ош облусу)
— Арашан ГЭСи – 2,4 МВт (Ысык-Көл облусу)
— Белес ГЭСи – 0,54 МВт (Баткен облусу)
Жалпы кубаттуулук 48,84 МВт болду.
2025-ЖЫЛЫ ИШКЕ БЕРИЛГЕН ГЭСтер
-Койсууй ГЭСи – 9 МВт (Ысык-Көл облусу)
— Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт (Чүй облусу)
— Аксы ГЭСи – 4,75 МВт (Жалал-Абад облусу)
— Боз-Учук ГЭСи – 5,54 МВт (Ысык-Көл облусу)
— Кара-Көл ГЭСи – 18 МВт (Жалал-Абад облусу)
Жалпы кубаттуулук 41,29 МВт.
Мындан тышкары, мурдагы ири ГЭСтерде жаңылануу иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулду.
— Токтогул ГЭСинин 4 агрегатынын баары жаңыртылып, 240 МВт кошулду.
Бул деген сөз 240 МВттык жаңы ГЭС курган менен барабар.
— Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциянын алкагында 9 МВт кошулду, ал эми толук бүткөндө 36 МВт кошумча кубат берилет.
— Камбар-Ата-2 ГЭСинде 120 МВттык экинчи агрегатты ишке киргизүү долбоору иштөөдө.
— Ат-Башы ГЭСи жаныланып 11,44 МВт кошулду.
— Лебединовка ГЭСинде реконструкция жүрүүдө.
— Ошондой эле Папан ГЭСи, Ылдыйкы Тар ГЭСи жана Быстровка ГЭСи боюнча
даярдык жана долбоордук иштер уланууда.
2025–2030-ЖЫЛДАРДАГЫ ЧАКАН ГЭСтердин КУРУЛУШУ
2025-жылы Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын жана Чүй облустарында
Кожо-Кайыр (Базарбай-Ата-3), Курак-Тектир-2, Кайнама-2, Сары-Таш, Шамшы, Сокулук-3, Туюк, Куртка жана Кең-Төр-1 ГЭСтери курулууда (жалпы 29,53 МВт).
2026-жылы 25 чакан ГЭС курулат.
Алардын ичинен негизгилери — Орто-Токой ГЭСи (21 МВт),
Куланак ГЭСи (100 МВт),
Тургент ГЭСи (26 МВт),
Майлы-Суу ГЭСи (26 МВт),
Ак-Суу ГЭС-3 (17,66 МВт) жана башка көптөгөн иштер жүрүп жатат.
Жалпы кубаттуулук 286,21 МВт.
2027-жылы дагы 14 жаңы ГЭС ишке кирет, алардын ичинде Папан ГЭСи (27 МВт),
Жеруй ГЭСи (28 МВт),
Чандалаш ГЭСи (30 МВт),
Жалпы кубаттуулук 172,88 МВт.
2028–2030-жылдары болсо, Коңорчок, Кызыл-Суу, Кичи-Кемин, Кыштуут жана Нижний Тарский ГЭСтери курулат.
Жалпы кубаттуулук — 44,7 МВт.
Жакынкы жылдары ишке ашуучу келечектүү долбоорлордун катарына Чоң-Кемин ГЭСи (26 МВт, Чүй облусу) жана Чок-Тал ГЭСи (3,7 МВт, Ысык-Көл облусу) кирет.
Мына ошентип жогорудагы ири, орто жана чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүп жатат.
Учурдагы энергетикалык тартыштык — биздин убактылуу гана көйгөй.
Эгер мектеп, бала-бакча, үйлөрдү, завод-фабрикаларды курбасак, бүгүнкү күнгө чейин жогоруда ишке берилген ГЭСтер менен эле илгертен бери келе жаткан дефициттер жабылып, кулагыбыз тынч олтура бермекпиз.
Биз тынч олтурбастан, кыйынчылыкты жеңиш үчүн тынымсыз аракеттерди жасап жатабыз. Эки жарым жылдан кийин кышкы дефицитти жабабыз деген себебим – өлкө боюнча жүзгө жакын ГЭСтер курулуп жатат. Алардын баары бүтөт.
Андан сырткары Кара-Кечеге 1200 Мегаваттык ТЭЦ куруу иштери башталды, анын бир жылдык өндүрүлгөн электр энергиясы 7 млрд кВт саатка чейин жетет. Эки жарым жылда ишке берилет деп турабыз.
Ал бүтсө сөзсүз түрдө кышкы мезгилдеги дефицит жабылат.
Камбар-Ата-1дин бүтүшүн күтүп олтура берсек, дагы 7-8 жыл кетет. Камбар-Ата толук ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланат.
Бул багытта биз тынымсыз аракеттерди көрүп жатабыз.
Жогоруда айтылган долбоорлор ишке ашкан сайын, электр энергиясынын тартыштыгы акырындык менен жоюлуп, Кыргызстан энергетикалык жактан коопсуз өз алдынча жана туруктуу мамлекетке айланабыз.
Ошондуктан азыркы убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, туура түшүнүп, энергетика системабыздын бутуна туруп кетишине жардам бериңиздер.
Энергияны үнөмдүү, сарамжалдуу колдонуңуздар. Сиздердин кылган жардамыңыздар ошол болот.
Эми 30 жылда чогулган тышкы жана ички карыздарга токтолоюн.
Бактыга жараша, баарын кайтарчу убак жана башка тогуз толгоо иштери бир келип, менин президенттик мезгилиме туш келиптир.
2020-жылы 31 млрд сом төлөдүк.
2021-жылы 30 млрд сом.
2022-жылы 34 млрд сом.
2023-жылы 53 млрд сом.
2024-жылы 60 млрд сом.
2025-жылы 79 млрд сом.
Жалпысынан, 2020-2025-жылдары мамлекеттик карызды төлөөгө 285,4 млрд сом кетти. (3,3 млрд АКШ доллары) төлөндү, анын ичинде:
Тышкы карыз – 170,5 млрд сом (1,9 млрд АКШ долл.);
Ички карыз – 114,9 млрд сом (1,4 млрд АКШ долл.).
Ушинтип илгертен бери чогулган тышкы карыздарды 2035-жылга чейин эч кыйналбастан толук кутулабыз.
Анткени бүгүн экономикабызда өсүш жогорку темп менен бара жатат. Алдыда 15-20 жыл ушул темп менен өсөт. Себеби чоң-чоң долбоорлор ишке ашып жатат. Дагы да инвестициялар кирет. ИДПбыз мындан да жогорку көрсөткүчкө жетет.
Мамлекеттик карыздын туруктуулугу анын ИДПга болгон катышы аркылуу аныкталат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 42% түзөт.
Мурда бул көрсөткүч 68%, 84%га чейин жеткен учурлар болгон. Ошол себептен бүгүн кооптонууга эч негиз жок.
Алынган карыздар баары экономиканы өнүктүрүүгө гана жумшалып жатат. Демек, жакынкы жылдарда ИДПбыз мындан да көбөйөт, бул болсо экономикабыз дагы да өсөт дегенден кабар берет.
Ал эми азыркы убакта алынып жаткан карыздар конкреттүү, даректүү долбоорлорго жумшалып жатат.
Төлөнчү убагы келгенде, бүгүнкүдөй бюджеттин эсебинен төлөбөйбүз. Ар бир долбоор өзүн өзү актайт, өзү төлөйт, өзү кутулат.
Мисалы, Камбар-Ата ГЭСин алалы.
1,5 миллиард долларды 50 жылга алып жатабыз. Үстөгү жок. “Льготный период” 10 жыл.
Камбар-Атанын курулушу 7-8 жылда бүтөт. Дароо иштеп баштайт.
Иштеп баштаган соң, өзүнөн түшкөн киреше менен 50 жылды биякка кой, 15 жылда эле кутулуп коёт.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун алалы.
Бул долбоор тышкы карыз эмес.
Бул долбоор коммерциялык долбоор. Үч тарап курат, пайдаланууга берилет, 35 жылдан кийин эки тарап чыгып кетип, 100 пайыз Кыргызстанга калат.
Ушул жерден дагы бир эл-журт үчүн эскертип кете турган нерсе.
Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү биригип, экономикалык бир океан болсо, Кытай өзүнчө бир экономикалык океан.
Биз эки океанды бириктирген темир жолду салып жатабыз.
Ал темир жол Кыргызстан аркылуу өтөт. Келечекте биз транзиттик өлкөгө айланып, дүйнөлүк экономикалык саясатка таасир этебиз.
Ошондуктан ар кандай провокацияларга алдырбай, бул долбоорду тез арада аягына чыгарышыбыз керек.
Ушундай ири долбоорлордун дээрлик 90 пайызы бюджетке тиешеси жок.
Албетте анча-мынча социалдык долбоорлорго, жолдорго алынып жаткан кредиттер бар. Бирок алар келечекте бюджетке сезилбейт деле.
Ошондуктан, тышкы карызыбыз баланча болуп кетти деп коңгуроо кагып трагедия кылып, элди көтөрүүгө аракет кылып жаткандарга көңүл бурбагыла.
Мага десе түкүнчө болуп кетсин. Баары өз орду менен, даректүү долбоорлорго колдонулуп жатат.
Эң негизгиси келечекте бюджетке салмагын салбайт.
Эми айдоочулук күбөлүккө келели.
Союз тарагандан бери эч ким деле кыйратып окуп күбөлүк алган жок.
Бүгүнкү колунда күбөлүгү барлардын 90 пайызы айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар. Бул ачуу чындык. Мен муну 100 пайыз далилдеп берем.
Азыр көчөдөн көпчүлүк айдоочуну токтотуп, жол эрежелерин сурабай эле коёлу мотор, коробка, радиатор, аккумулятор, стартери кайсы деп сурасаң көрсөтө албайт.
Мотору кайсы десең радиаторун көрсөткөндөр четинен чыгат.
Ошондуктан келечек муун үчүн азыртадан кам көрөлү. Бул тармакты ирээтке келтирели.
Айдоочулар жол эрежесин билбеген үчүн, сактабаган үчүн бүгүн авто кырсыктар көп болуп жатат.
Төмөндө статистикасын маалымдай кетейин.
2014-жылдан 2020-жылга чейин авто кырсыктан каза болгондордун саны 6159 адамды түзүптүр.
2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 3818 адамды түздү.
Эмнеге азайды десеңер колдон келген катуу чараларды көрүп жатабыз. Дагы катуулатышыбыз керек.
Жаракат алгандардын саны 2014-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 121 896 адам. Согушта да мындай болбойт да. Бизге билинбеген менен авто кырсыктан өлкөдө согуш жүрүп жаткандай адамдарыбыз өлүп жана жаракат алып жатышат десек болот.
Өлгөн жарандарыбызды жоготконубуз аз келгенсип, жаракат алып майып болуп калгандарды багып жатабыз. Албетте, мунун баары мамлекетибизге оор залакасын тийгизип жатат.
Ошондуктан мындан ары айдоочулук күбөлүктү эч ким сатып ала албайт. Мурда сатып алгандар эреже бузуп кармалса, экзамен тапшырууга кетет. Мунун эмнеси жаман?
Эрежелерди билбегендер же унутуп калгандар болсо кайра жаттап алышат. Авто кырсыктын баарын эреже менен айдабагандар жасап, адамдардын өлүмүнө алып келип жатышат.
Мен күбөлүк сатып кармалган кызматкерге суроо бердим:
“Сен 100дөн ашык балага күбөлүк сатыпсың. Эртең ушул 100 баланын бирөөсү сенин жакындарыңдын бирөөсүн кагып өлтүрбөйт деп кепилдик бере аласыңбы?”,- десем “бизде ушундай учур болгон” дейт.
Күбөлүктү сатып алган бала күбөлүк саткан кызматкердин бир тууган эжесин тебелеп кеткен экен. Мына ушундайлар да болот.
Ошондуктан күбөлүктү сатып аткан кызматкер күбөлүктү сатып алып жаткан ушул бала келечекте менин баламды же неберемди тебелеп кетпейби деп ойлонушу керек.
Биз мамлекет тараптан күбөлүктү толук окуп алгандарга гана бериш үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.
Европа өлкөлөрүндө 2-3 жылдап окуп жүрүп, араң күбөлүк алгандар бар.
Тилекке жараша, Европада авто кырсыктар жокко эсе.
Эмне үчүн биз ушуну жасай албашыбыз керек.
Биз азыртадан катуу чара көрүп баштасак, ошондо дагы 50 жылда тазаланабыз.
30 жылдан берки күбөлүк сатып алгандар улгайып, авто айдабай калганда гана бүгүнкү толук окуп күбөлүк алып жаткандар калат. Мына ошондон кийин гана бизде дагы жол кырсыктар жокко эсе болот.
Ошондуктан азыркы көрүлүп жаткан чараларды жарандарыбыз кынтыксыз колдошу керек.
Өлкө боюнча бардык мектептерге Жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирет. Ал ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыгууда.
Ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат беришет.
Эмнеге 14 ай? Анткени биринчиден 11-12-класстын окуучулары сентябрдан окуп баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша маалыматты бир жыл арасы өздөштүрүшөт.
Практикалык окуулар жаан, кыш мезгилине, аба ырайына жараша дагы окутулат.
Муз жолдордо, карда кантип айдоо керек, караңгыда эмнеге көңүл буруу керек, жолдордо унааң бузулган учурдагы биринчи аракеттериң кандай болот деген өңдүү практикалык сабактар кирери күтүлүүдө.
14 ай дегени сынактарды тапшырганда өтпөй калгандар кайра даярданып келгиче дагы убакыт керек болорун эске алуу менен белгиленди.
Мектеп окуучулардын баардыгын окуткандын зарылчылыгы канчалык, айдоочулук күбөлүк алам дегендерди эле окутса болбойт беле деген да суроо туулушу ыктымал.
Каалайбызбы, жокпу баарыбыз эле жол кыймылынын катышуучусу болобуз. Унаа айдаганы да, жөө жүргөнү да.
Андыктан жаштарыбыз жол кыймылынын эрежелери боюнча маалыматы болсо ашыкча болбойт. “Унаа айдабайм, мага айдоочулук күбөлүктүн кереги жок” дегендер акыркы сынактарга катышпай койсо өз эрктери.
Техникалык база жетиштүү. Республиканын бардык аймактарында авто мектептер болот. Практикалык сааттар ошол жерде өтөт. Теориялык сабактар жогоруда айткандай мектептеги класстарда өтөт.
Ал эми мектепти, жогорку окуу жайды бүткөн чоң кишилер авто мектептерде окушат. Аларга окуу мөөнөтү интенсивдүү жана азыраак болушу мүмкүн.
Мындан ары коррупцияга жол берилбейт!
Акча менен сатып алам дегенди унуткула. Эми айдоочулук күбөлүк билим, эмгек жана ак ниеттик менен гана алынат. Ар ким өзүбүздүн билимибиз, талыкпаган аракетибиз менен гана жетишишибиз керек.
Эми мен жогоруда айткан көйгөйлөрдү тоодой кылып көрсөтүп, элди козутуп, “шайлоодо бир нерсе болуп кетсе экен” деген жаман ойлуу топтор бар.
Ал эмне болгон топтор. Арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же обьектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер, биз бийликке келгенден кийин көмүскө схемаларын талкалап, алардын чөнтөгүнө кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп, өздөрү кызматтарынан кол жуугандар. Айтор, жеке кызыкчылыгы үчүн таарынгандар, ызасын ичине каткандар десек болот.
Ошолордун бирин жакында эле Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз кабыл алып бетине айттык эле: “Алмазбек Атамбаев сизди «Ак шакалсың, Кузгунсуң» деп бекер айткан эмес экен. Болду эми, тынч жүрүп, небере жыттап, үйдө эле олтуруңуз” — деп. Дагы деле оңолбоптур.
Ал топтор “KG групп”, “Ихсан” сыяктуу аферисттер салган, бирок элди алдап бүтпөгөн үйлөрдү сатып ийген эски проблемаларды блогерлер аркылуу улам улам свети жок деп эски материалдарды чыгартып жатышат.
Биз ал үйлөрдү акырындык менен толук куруп бүтүрүп, мыйзамдаштырып, электр энергиясын туташтырып берип жатабыз. Калган көйгөйлүү үйлөрдүн баары бүтүш үчүн убакыт керек. Бүтөт баары. Андыктан башаламандыкка үмүт кылбай эле койгула.
Төңкөрүшкө жол берилбейт.
Себеби, биринчиден, төңкөрүшкө шылтоо бербейбиз.
Экинчиден, мурдагы алсыз мамлекет жок.
Мамлекет азыр күчтүү.
Үчүнчүдөн, элдин баары кимдерди кубалаш керек, кимдер бийликте олтуруш керек экенин жакшы билип калышты.
Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр. Төңкөрүштөн пайдаланып мародерчулук, алдым-жуттумдуулук, төңкөрүштөн кийин мурдагыдай бир кызматты мыкчый калып байыганды түшүңөрдө көрө бергиле.



