7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Элибиздин арасында кайдыгер, балит адамдар бар

400

Коомду жалгыз киши тарбиялай албайт. Коом өзүн өзү тарбиялаш керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соц.тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Мен шаар жетекчилерин «Таштанды челектин сыртына чейин таштанды чыгып кеткен, тазалабайсыңар, тазалыкты начар кармайсыңар!», — деп урушам.
Алар мага ушул видеону жөнөтүштү.
Эмне деген адепсиздик?
Таштанды челектер бош турат. Машинадан чыга калып таштанды челектин ичине салып коюш ошончолук кыйынбы?!
Анан мэрлерди «Таштандыны тазалап коюшпайбы, шарт түзүп беришпейби»?, — деп сындасаңар жаныңарга киши тура албайт.
Мына ушул видеону жакындатып карасаңар кимдер экенин кошуналары тааныйсыңар.
Уяткарып, тарбиялап койбойсуңарбы?!

Коомду жалгыз киши тарбиялай албайт. Коом өзүн өзү тарбиялаш керек”,-деди өлкө башчы.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

401