7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

407

Бүгүн, 14-январда, өз ара макулдашууга ылайык, президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоолор менен алмашты.

Акыркы отуз жылда мамлекеттер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүргөндүгү белгиленди.

Мамлекет лидерлери көп тараптуу түзүмдөрдүн платформаларында кызматташуунун, БУУнун жана башка аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн позитивдүү тажрыйбасын баса белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү акыркы жетишкендиктерди белгилешти, бул жалпы узундугунун 63%ын түзгөн 625 чакырымга жакын мамлекеттик чек ара линиясынын долбоордук сыпаттамасын аяктоого мүмкүндүк берди.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын баса белгилешип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

408