7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

498

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле алар регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана КМШ МБК жыйыны боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

499