7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган венгриялык компанияга барды

343

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында энергетика тармагына керектүү жабдууларды чыгаруучу «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчыга ишкананын продукциялары — жогорку чыңалуудагы электро-техникалык жабдууларды тейлөөчү трансформаторлор, электр кыймылдаткычтар жана генераторлор жөнүндө маалымат берилди.

Президент компаниянын заманбап дизайнердик жана технологиялык чечимдерди колдонуу менен продукция чыгарган цехтерин көрүп чыкты.

Компания электр жабдууларын өндүрүү боюнча үч ири европалык ишканалардын бири болуп саналат, ошондой эле ар кандай колдонуу үчүн трансформаторлорду долбоорлоо жана сыноо боюнча адистешкен.

Садыр Жапаров компаниянын өкүлдөрүнөн өндүрүлгөн продукциялар тууралуу кененирээк сурап, аны ГЭСтерге орнотуу үчүн Кыргызстанга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты.

Ал венгриялык өндүрүш кызматкерлери менен болгон баарлашууда Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалы жогору экенин, бирок аны учурда 10% гана пайдаланып жатканын белгиледи.

Президент Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү үчүн ири суу ресурстары бар экенин жана азыр өлкө кичи жана орто ГЭСтерди массалык түрдө куруу менен энергетика тармагын активдүү өнүктүрүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бардык кубаттуулугун толук пайдаланган учурда, Кыргызстан электр энергиясын чет мамлекеттерге, анын ичинде CASA-1000 долбоорунун алкагында, экспортко чыгара алат.

Ишканага барып келгенден кийин Президент Садыр Жапаров аны коштоп барган тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлорунун алкагында «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясы менен кызматташуу күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

344