7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

570

Бүгүн, 7-июнда Президент Садыр Жапаров, финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

«Урматтуу финансы жана экономика системасынын кызматкерлери! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! 

Бул күн өлкө экономикасынын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздардын маанилүүлүгүн таануу максатында белгиленип келет. Сиздердин компетенттүүлүгүңүздөр, кесипкөйлүгүңүздөр жана жоопкерчилигиңиздер туруктуу экономикалык системаны калыптандырууда, финансы секторунун стабилдүүлүгүн камсыздоодо жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт. 

Бул тармакта тынбай эмгектенген кесипкөй адистердин аракеттеринин жана жүргүзүлүп жаткан финансылык, экономикалык саясаттын аркасында акыркы жылдары экономикалык өсүштүн жогорку темпине жана бюджеттин мурун болуп көрбөгөн көрсөткүчтөрүнө жетише алдык. Мунун өзү эле сиздердин аракетиңиздердин элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын бакубат жашоосун камсыз кылууга түздөн-түз таасирин тийгизерин далилдеп турат. 

Сиздердин терең билимиңиздер, мол тажрыйбаңыздар жана ак кызматыңыздар өлкөбүздүн финансылык туруктуулугун кармап, мамлекетибизди өнүктүрүүдө жаңы бийиктиктерди камсыз кылуу боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн баа жеткис ресурс болуп саналат. 

Биздин алдыбызда ишкер чөйрөнүн активдүүлүгүн мындан да жогорулатуу, инвестиция тартуу, чакан жана орто бизнестин өнүгүп кетишине шарттарды түзүү аркылуу экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактоо милдеттери турат. Өлкөнүн жаркын келечегине өбөлгө боло турган мындай милдеттерди чоң жоопкерчилик менен аткарасыздар деп бекем ишенем! 

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар кут болсун! 

Өлкөбүздүн өнүгүшүнө, эл-журтубуздун бакубат жашоосуна арнаган ак кызматыңыздардан жазбаңыздар. 

Сиздерге чың ден соолук, бакубат өмүр каалайм, ишиңиздерде албан-албан ийгиликтердин болушуна тилектешмин!» 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571