7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды

276

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, “Франция-Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ жетектеген Франция Республикасынын Сенатынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Француз сенаторлору менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы Кыргызстан Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин, ал өлкөнүн тышкы саясатында батыш багытындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Президент Садыр Жапаров парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, анын ичинде өз ара сапарларды, парламентарийлердин жолугушууларын уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.

Тараптар туризмди өнүктүрүү жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу пикир алмашты. Садыр Жапаров француз сенаторлорунун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Нарын, Каракол, Жыргалаң жана Ысык-Көлгө баруу ниетин кубаттады.

Ошондой эле Садыр Жапаров Франция Сенатынын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, акыркы үч жылдагы социалдык-экономикалык жетишкендиктер тууралуу кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде Франция республикасынын Сенатынын “Франция — Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү оң өзгөрүүлөрдү, калктын бакубаттуулугунун деңгээлинин көтөрүлгөнүн жогору баалады. Франциянын Сенаты Кыргызстандын жетекчилигинин, анын ичинде Франция менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган аракеттерин колдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Эрве Морэ белгилегендей, бул сапар тараптардын саясий өңүттөгү эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө багытталган аракеттеринин жыйынтыктарынын бири болуп саналат.

Аягында тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү ишине өз салымын кошууга даяр экендиктерин тастыкташты.

 

277