7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Гүлчөдө Алымбек Датканын эстелигине гүлчамбар койду

154

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датканын эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана кыргыз элин бириктирүүгө зор салым кошкон атактуу тарыхый инсан Алымбек Датканын 225 жылдыгына карата өттү.

Мамлекет башчысын Гүлчө айылында «Кырк чоро» аттуу 40 жоокер жана төкмө акындар салтанаттуу тосуп алышты.

Андан соң Президент улуттук маданияттын экспонаттары, салттуу турмуш-тиричилик элементтери жана уз-чеберлердин заманбап чыгармалары коюлган көргөзмө менен таанышты.

Садыр Жапаров ошондой эле мамлекеттик ишмердин бай мурасын, анын аскердик, дипломатиялык жана агартуучулук ишмердүүлүгүн чагылдырган тарыхый экспозицияга барды. Көргөзмөдө сейрек кездешүүчү тарыхый материалдар, анын ичинде Кокон хандыгынын картасы, Алымбек Датканын урпактарынын үй-бүлөлүк реликвиялары, ошондой эле француз изилдөөчүсү Поль Пеллио тарткан XX кылымдын башындагы уникалдуу сүрөттөр коюлган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров Алымбек Датка атындагы парктагы айкелге гүл койду. Азем Улуттук гвардиянын ардактуу кароолунун коштоосунда өттү.

Иш-чаранын соңунда залкар мекендешибиздин элесине арналып үч жолу ок атылды.

 

155