7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Габондун Президенти Брис Клотер Нгема менен жолугушту

137

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Габон Республикасынын Президенти Брис Клотер Нгема менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер калыптануу жана өнүгүү баскычында экенин белгилешти. Маселен, бүгүн Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюлду.

Садыр Жапаров Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Габон Республикасы менен эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда, эки тараптын кызыкчылыктарына жооп берген ар кандай тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Муну тастыктоо иретинде Кыргызстандын Президенти Эфиопияда алгачкы Элчиликтин ачылышын, ал эми кийинки жылы Египетте элчилик ачыларын мисал келтирди.

Өз кезегинде Габон Республикасынын Президенти Брис Клотер Нгема бардык келечектүү багыттар боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Лидерлер өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана негизги долбоорлорду биргелешип илгерилетүүгө ишеним артышты.

138