7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Ихлас Холдинг» АК Директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мужаид Оренди кабыл алды

69

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, «Ихлас Холдинг» (Түркия Республикасы) акционердик коомунун Директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мужаид Оренди кабыл алды.

Түрк инвестициялык компаниялардын катышуусунда энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө, ири ГЭСтерди курууга жана өлкөлөр ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоого бурулду.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашыл энергетика объектилерин өнүктүрүүгө кызыкдар инвесторлорго ыңгайлуу жана жагымдуу шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Буга чейин Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын өткөн жылдын 5-декабрында мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААКнын ортосунда ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлган.

Ошентип, «Ихлас Холдинг» ААКсы Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу максатында «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААКсын түздү.

Садыр Жапаров ошондой эле «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААК «Кыргыз гидродолбоор» институту менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагындагы Алабуга ГЭСи, Карабулуң ГЭС-1, Карабулуң ГЭС-2 курулушу болжолдонгон аймактарда изилдөө иштери аяктаганынан кабардар экенин билдирди.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы бул инновациялык техникалык чечимдерди колдонгон ири инвестициялык долбоорлордун бири экенин белгиледи.

Жолугушууда Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси да талкууланды. Садыр Жапаров 2028-жылы жаңы жылуулук электр борбору ишке киргенден кийин борбор калаанын экологиялык абалынын бир кыйла жакшыруусу күтүлүп жатканын баса белгиледи.

«Долбоордо заманбап энергоблокторду куруу, жаңы жабдууларды орнотуу, көмөкчү инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле жылуулук жана электр менен камсыздоо тутумдарын модернизациялоону камтылган. Газ түтүгүнүн долбоору өзгөчө көңүл бурууну талап кылат — аны ишке ашыруу шаар тургундары үчүн мүмкүн болушунча коопсуз болушу керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Өз кезегинде «Ихлас Холдинг» АКнын Директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мужаид Орен компаниянын белгиленген долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ырастады.

«Бүгүн биздин компания Кыргыз Республикасында расмий көрсөтүлдү. Биз гидроэнергетика жана жылуулук энергетика тармагындагы долбоорлорду стратегиялык маанилүү жана артыкчылыктуу деп эсептейбиз. Аларды ишке ашыруу өлкөнүн энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи болуп, кийинки инвестициялык демилгелер үчүн шарттарды түзөөрүнө ишенебиз», — деди Ахмет Мужаид Орен.

Ал өзгөчө белгилегендей, компания өзүн улуттук кызыкчылыкка туура келген ички инвестор катары көрсөтөт. Ал ошондой эле жасалган бардык кадамдар мамлекет жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн туруктуу жана узак мөөнөттүү баалуулуктарды түзүүгө багытталганын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров кадрларды даярдоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады. Ал мындай өз ара аракеттенүү эки жактуу пайда алып келерин жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө болорун баса белгиледи.

 

70