7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

648

Бүгүн, 20-апрелде президент Садыр Жапаров Баку шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ильхам Алиев өз сөзүндө азербайжан тарап кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү кызматташууга умтуларын баса белгилеп, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Азербайжандын президенти белгилегендей, бүгүн экономикалык кызматташуу, соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, көптөгөн документтерге, анын ичинде башкысы – Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлуп, ал кыргыз-азербайжан мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрөт.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Ильхам Алиевге Азербайжанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

 “Кыргыз-азербайжан мамилелеринин пайдубалын эл аралык даражадагы тарыхый инсан Гейдар Алиев түптөгөнүн баса белгилей кетүү маанилүү. Ошондон бери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда биздин элдерибиздин ортосундагы терең тарыхый жана руханий байланыштарга негизделген абдан жакшы мамилелер түзүлдү”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал боордош Азербайжан менен эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Көзмө-көз жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген курамда улантат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

649