Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Өрүктү айылында, көлдүн жээгинде мыйзамсыз балык уулоо жүргүзүп жаткан 1983 жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалды.
Текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан 11 даана сига-лудога балыктары жана синтетикалык торлор далил зат катары табылып алынган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесине (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) ылайык, Түп районунун ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.