7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан-Азербайжан кызматташтыгы: Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

496

Садыр Жапаровдун Азербайжандагы расмий сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту.

Ошондой эле, өлкө лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

 Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • КРнын Министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашуу;
  • Айыл чарба министрлиги менен Азербайжандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Финансы министрлиги менен Азербайжандын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
  •  Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө меморандум;
  • Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Азербайжандын Экономика министрлигине караштуу монополияга каршы жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен Азербайжандын интеллектуалдык Менчик Агенттигинин ортосундагы интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы менен Азербайжандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен «Азербайжан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу» Жабык Акционердик Коомунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

497