7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапар менен Дубайга жөнөп кетти

421

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
-Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев;
— Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

422