Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстан Республикасына жөнөп кетти.
Расмий делегациянын курамындагылар:
— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев.