7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти 

537

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын ичинде өз ара пайдалуу иштерди жөнгө салуу жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспектилери боюнча өз ара жардамдашуу жолу менен региондогу мамлекеттердин чарбалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этап-этабы менен интеграцияланышын талкуулашат.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө – Азербайжан Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын өкмөт башчылары катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Биринчи айым Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев;

— Кыргызстандын Ирандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү Турдакун Сыдыков;

— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.

538