7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына барды 

1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, Түркмөнстандын жетекчилигинин чакыруусу боюнча иш сапары менен Ашхабад шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнстандын борборунун эл аралык аэропортуна конду.

Эл аралык аэропортто форумга катышуучу өлкөлөрдүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Саламдашуудан кийин улуттук кийимчен улан-кыздар мамлекет башчысына гүл жана нан менен туз тартуулашты.

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Ошол жерде, аэропортто Президент Садыр Жапаровдун Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуусу болду.

Халк Маслахатынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентин жылуу тосуп алып, Ысык-Көлгө болгон жайкы сапарын өзгөчө жылуу сезим менен эскерип, өлкөлөр ортосундагы чын ыкластуу достук маанайын өзгөчө белгиледи.

Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашып, эки жана көп тараптуу форматта активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумдун ишине катышат.

2