7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга учуп кетти

741

Президент Садыр Жапаров БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын Саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Баку шаарына жөнөп кетти.

Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, Саммит Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында өтөт. Быйыл СПЕКА Программасынын 25 жылдыгы белгиленет.

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат, ошондой эле региондогу өлкөлөрдүн экономикаларын чыңдоого багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров СПЕКА Саммитинде сөз сүйлөп, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

 

 

742