7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

670

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

-Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
-Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
-КР Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат;
-Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

 

671