7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Изник шаарындагы «Кыргызлар турбеси» мемориалына барды

677

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуунун алкагында Изник шаарындагы (Түркия Республикасы) «Кыргыздар турбеси» мемориалына барды.

Мамлекет башчысы мемориалды карап чыгып, ошол эле жерде куран окулду.

«Кыргызлар турбеси» — бул Изник шаарын алуу үчүн салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлеринин элесине арналган мемориал. Ислам энциклопедиясына ылайык, бул алгачкы Осмон дооруна (XIV кылым) таандык күмбөз.

Күмбөз султан Орхан гази тарабынан 1332-жылы Анадолу Селжугунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыз жоокерлеринин элесине арналып салынган.

2004-жылы октябрда кыргыз скульптору Тургунбай Садыков жасаган жоокердин эстелиги бакчага орнотулган.

Мемориал кичинекей өтмөк менен байланышкан эки бөлмөдөн турат. Мавзолей типтүү византиялык стилдеги жасалгасы менен көңүлдү бурат. Күмбөздө сегиз саркофаг бар: жети чоң киши жана бир баланыкы.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

678