7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров карды жиреп мектепке барган Нурзаман Алмазбековду кабыл алды

26

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдын-Көл” башталгыч мектебинин төртүнчү классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды.

Буга чейин социалдык тармактарда төртүнчү класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Президент Садыр Жапаров да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалады.

Ал Нурзаманды президенттик балатыга чакырган, бүгүн болсо жеке өзү ага белектерди тапшырды. Мындан тышкары, Президент окуучуга өзүнүн уюлдук телефонун берди.

Мамлекет башчысы бул бала ага өзүнүн бала чагын, алыскы Кең-Суу айылында кар кечип мектепке барган кездерин эске салганын айтты.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Нурзаманга чоң ийгиликтерди каалады.

26