7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров казак элин референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады

156

Бүгүн, 16-мартта президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду.

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

Президент Садыр Жапаров өткөн добуш берүү жарандардын өз эркин билдирүүсүнүн айкын көрүнүшү болуп, коомчулуктун мамлекеттик институттарга болгон ишенимин тастыктаганын белгиледи. Ал шайлоочулардын жогорку катышуусу калктын жарандык активдүүлүгүн жана жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү колдой турганын көрсөтөрүнө токтолду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев куттуктоо жана жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстанда болуп жаткан процесстерге көрсөтүлүп жаткан туруктуу колдоо жана көңүл буруу үчүн ыраазы экенин айтты. Ошондой эле ал кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү колдой турганын тастыктады.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары чыңдоо келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда президент Садыр Жапаров өз ара ишенимге, салттуу достукка жана боордоштукка негизделген кызматташтык мындан ары да бекемделерине ишеним билдирип, Касым-Жомарт Токаевди алдыдагы Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен куттуктап, эки өлкөнүн элдерине ынтымак, бакубат жашоо жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

157