7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК төрагасы ишкерлер менен жолугуп, аларды коргоого даяр экенин айтты

391

 УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

«Ак ниеттүү бизнес эркин иштеши керек. Биздин милдет – тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо. Ишкердикке негизсиз кийлигишүүдөн алыспыз, тескерисинче, силерди коргоого даярбыз. Болгону ачык жана ак ниет иштеп бериңиздер», – деди Шабданбеков.

УКМК төрагасы ишкерлерге карата жасалган мыйзамсыз аракеттер тиешелүү тартипте караларын убадалады. Ошону менен бирге, кылмыштуу схемаларга аралашкан тараптардын жоопкерчилиги тууралуу эскертти. Төрага мамлекет менен бизнестин ортосундагы өнөктөштүк гана өлкө жыргалчылыгын камсыз кыларын баса белгиледи.

392