7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен учуп кетти

553

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстанга мамлекеттик сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Нур-Султан шаарында Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ошондой эле мамлекет башчысынын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушуусу каралган.

Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалганы айтылды.

КР делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • вице-премьер — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;
  • президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев;
  • коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;
  • айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;
  • энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.
554