7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Келечекте 16 жашка чейинки балдар жөлөкпул ала тургандай кылабыз

148

Өлкөдө бюджет жогорулаган сайын 16 жашка чейинки бардык балдарга, үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан, жөлөкпул берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Келечекте бюджетибиз көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга бай-кедейине карабай, баарына бирдей жөлөкпул берүүгө аракет кылабыз», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчысы экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышы менен бирге айлык маяналарды, пенсияларды жана башка социалдык жөлөкпулдарды кошконго мамлекет болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалады.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

149