7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Ким элдин тынчтыгын бузса, мыйзам алдында жооп берет

187

 Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Коомдук ишмер, белгилүү санжырачы Мурат Жетимишбаев маектеринин биринде президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым болду, эми эмне болот деген тынчсыздануусун билдирди.

“Мындай тынчсыздануу, санааркоо көпчүлүктө бар” деген да оюн айтты. Эми эмне болот деп санааркай суроо салгандарга комментарий бере аласызбы?

 Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат.

Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет. Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

188