7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

613

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Б.Ельцин атындагы президенттик китепканада өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, өлкө лидерлери бейформал жолугушуу залына өтүштү.

Россиянын президенти Владимир Путин саламдашуу сөзүндө өлкө башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келгени үчүн баарына ыраазычылык билдирди.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы төрагалык кылган мезгилде Шериктештиктин потенциалын чыңдоо боюнча конкреттүү чаралар боюнча анализ жасады. Ал ошондой эле Кыргызстан КМШга төрагалык кыла турган келерки жылда президент Садыр Жапаровго чоң ийгиликтерди каалады.

Иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614