7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

417

Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Россия Федерациясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. 

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.  

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев. 

 

 

 

418