7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров КМШ ПААнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен куттуктады

539

Бүгүн, 29-мартта  Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңешинин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Алмата шаарында уюштурулган маарекелик отурумга катышты.

Алгач отурумду Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилерине сөз берилди.

Төрага Талант Мамытов КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.

Анда «Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өзүнүн калыптануу жана өнүгүү мезгилинде чөлкөмдөгү бирдиктүү экономикалык, социалдык жана маданий-гуманитардык мейкиндикти түзүүгө, жаңы суверендүү мамлекеттердин чыңдалышына чоң салым кошту. Айрыкча, мында парламенттер аралык ассамблеянын ролу жогору», — деп белгиленген. Ошондой эле Президент өз кайрылуусунда КМШ ПААнын биринчи пленардык жыйыны 1992-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында өтүп, анын жүрүшүндө ассамблеянын регламенти кабыл алынганын эске салган.

«Шайлоо процесстерине КМШ ПААнын байкоо жүргүзүүсү демократиялык өнүгүүдөгү маанилүү элементтердин бири болуп калды. Кыргыз Республикасы КМШ ПААнын алкагында жигердүү ишин улантуу менен Жогорку Кеңеш “Шериктештиктин балдары” долбоорун демилгелеп, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты негиздеген. Андыктан, ассамблеянын ишмердүүлүгү мындан ары да КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, социалдык жана саясий өз ара аракеттенүүнү укуктук жактан камсыздоого багыттала берээрине терең ишенем»,- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, 1992-жылдын 27-мартында Алмата шаарында Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан парламент жетекчилери КМШ Парламенттер аралык ассамблеясын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Кийинчерээк ассамблеяга Азербайжан менен Молдова кошулган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540