Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Мамлекет башчысы аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасынын, анын ичинде жоокерлердин жашоо шарттары менен таанышты.
Президент Садыр Жапаров аскер бөлүктөрүнүн кыдыруусунун башкы максаты — аскердик милдетин өтөп жаткандардын тамактануу рациону менен таанышып, жоокерлердин тамак-ашы белгиленген нормада берилишине көңүл буруу.