7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кореянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

371

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэни ишеним грамоталарын тапшыруу аземине катышканына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн мындан 32 жыл мурда түзүлгөн дипломатиялык мамилелери элдердин достук салттарына, руханий жана маданий жакындыгына, ошондой эле өз ара пайдалуу к ызматташтык принциптерине негизделгенин белгиледи. Бул контекстте Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык чөйрөсүнүн маанилүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы оң натыйжаларды баса белгиледи.

Кыргызстан менен Кореянын Экономикалык өнүгүү кызматташтыгы фондунун (EDCF) алкагында, саламаттыкты сактоо жана финансы тармактарында ар түрдүү өкмөттөр аралык жана кредиттик келишимдер түзүлүп, маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Өз кезегинде Кореянын Элчиси Ким Кванджэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнү камсыздоодогу, жумуш орундарын түзүүдөгү жана ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендиктерин канааттануу менен белгиледи.

Муну менен катар Ким Кванджэ корей тарап кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү потенциалын кеңейтүү үчүн алдыңкы тажрыйба жана заманбап технологиялар менен бөлүшүүгө даяр экендигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

372