7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Курултай толугу менен санариптештирилди

583

Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайдын катышуучуларына санарип системасы жана анын пайдасы тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бүгүнкү курултай толугу менен санариптештирилгендигин белгилеп, залда отургандарга санариптик технологиялар менен өлкө реалдуу режимде кантип башкарылып жаткандыгын көрсөтүп берди.

«Мына азыр реалдуу режимде Кумтөр кенинде эмне болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Жалпысынан ал жерге 300 камера орнотулган. Ар бир грамм алтын көзөмөлдө турат. Бул видео жазуулардын баары архивде сакталат», — деди президент.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

 

 

584