Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитинин талааларында Кувейттин Премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы мамилелерди мындан жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча маселелерде сүйлөшүштү.
Ошондой эле мамлекет башчысы Кувейт менен өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында кеңейтүү мүмкүндүгүн белгиледи.
Ал эми Шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө умтулуусун жана кызыгуусун билдирди.