7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кыргызстандын “Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга” кошулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

173

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын “Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга” кошулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу  кыргызстандыктар! Кымбаттуу балдар!

Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын эгемен мамлекет катары «Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга» кошулган күнүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бала жана ага кам көрүү эзелтеден кыргыз элинин негизги баалуулугу болуп келген жана боло берет.

Кыргызстандагы ар бир баланын үй-бүлөнүн кучагында сүйүү менен сый-урматка бөлөнүп, бактылуу жашоодо ден соолугу чың жана акылдуу азамат болуп жетилишине кам көрүү – биздин ыйык милдетибиз.

Силердин, биздин сүйүктүү балдарыбыздын дени сак, билимдүү, күчтүү, өзүнө ишенген жана ар дайым ийгилик жылоологон, өз мекенин сүйгөн жаран болуп чоңоюшуңуз үчүн күч үрөп, бардыгын жасайбыз.

Көптөгөн иштер аткарылды, бирок дагы көп иштер жасалышы керек. Биздин жаңы муундун тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жогорку квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасадык жана билим берүү тармагында системалык кайра курууну баштадык.

“Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам бардык балдарга жана жаштарга өмүр бою жаңы билимдерди алууга жол ачып, билим берүүдөгү жаңы демилгелерге бюрократиялык жана коррупциялык тоскоолдуктарды жок кылат.

Шаарларда гана эмес, айыл жерлеринде, өзгөчө бийик тоолуу жана алыскы аймактарда заманбап мектептерди куруп, жаңы бала бакчаларды ачып, мектепке чейинки билим берүү кызматын өнүктүрүүдөбүз.

Балдарга кичинекейинен тартып камкордук көрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен, мамлекет 2025-жылы өлкөбүздүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же жакыр үй-бүлөдөн чыккан балдардын мектепке чейинки билим алуусуна финансылык ресурстарды багыттайт.

Балдар арасындагы теңсиздиктин жана жакырчылык көйгөйлөрүн моюнга алышыбыз керек. Калкты социалдык жактан коргоо чаралары ириде жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын камтууга, ошондой эле алардын дени сак жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүүчү мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталат. Мамлекеттик социалдык жардам балдарыбызды коргоого багытталып, натыйжалуу болууга тийиш.

Балдардын дени сак төрөлүп, ден сак чоңоюшун камсыздоо — ата-эне менен мамлекеттин негизги милдети. Балдарды сергек жашоого үндөп, ар кандай оору-сыркоолордун алдын алып, өз убагында медициналык кызмат көрсөтүүнү уланта беришибиз керек. Ал эми бул жерде үй-бүлө, саламаттык сактоо жана билим берүү системаларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын өз ара макулдашып иш алып баруусу маанилүү.

174