7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды

529

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Өз кезегинде Кыргызстандын Беларустагы Элчиси Эрбол Султанбаев Мамлекет башчысына белорус тарап менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча белгиленген пландар тууралуу айтып берди.

 

 

 

530