7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды

459

Президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды.

Мамлекет башчысы бир катар конкреттүү милдеттерди коюп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жакшы саясий диалог түзүлгөнүн жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Индия — экономикасы өнүккөн өлкө жана түрдүү продукцияларды сатуу рыногу чоң, андыктан эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда потенциалдуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн эске алуу менен элчиге аларды өлкөгө тартуу боюнча дайыма активдүү иш алып барууну тапшырды.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Мамлекет башчысына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле индиялык тарап менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бул кызматтагы пландары тууралуу маалымат берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460