7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кытайда Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты

456

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты.

Парадга ошондой эле чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты. Иш-чаранын алдында делегация башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү. Андан соң лидерлер Тяньаньмэнь аянтындагы парадга катышуу үчүн байкоо аянтчасына жөнөштү.

Салтанаттуу жүрүштүн башында мамлекеттик тууларды көтөргөн аба эшелондору учуп өттү. Андан кийин жөө аскерлердин параддык бөлүктөрү, аскердик желектерди алып жүргөн бөлүктөр жана Кытайдын аскердик техникаларынын колонналары өтүштү. Парадды аскердик учактардын эскадрильясынын учуусу аяктады.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

457