7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Өлбөс полк» жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок

886

Жеңиштин 77 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүнкү 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктаймын.

Өлкөбүздө тынчтык болуп, Кудай элибиздин көкүрөгүнө ыйман толтуруп, ырыскысын мол берсин.

«Тарыхын билбеген элдин келечеги жок» деген накыл сөз бар.

Анынсыңарындай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек.

Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес.

Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-Май — Жеңиш күнүн майрамдашат. «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам»,- дейт өлкө башчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

887