7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата: Каналдарга жана дарыяларга төгүлүп жаткан сүттөр боюнча министрликтин жообу

1240

Ысык-Ата районунда сүттөр дарыяга жана каналдарга төгүлүп жаткандыгы боюнча Айыл чарба министрлиги комментарий берди.

Министрликтин маалыматына караганда, аталган тасма 2021-жылы тартылганы, Чүй ООИБ тарабынан аталган тасманы социалдык тармактарга жарыялагандар аныкталган.

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев сүт боюнча маалыматты текшерүү үчүн «Шинлайн» жана «Кант Сүт» ишканаларына барып, алдыда текшерүүлөр уланаарын билдирген.

«Акыркы күндөрү социалдык тармактарда тарап жаткан сүт азыктарын төгүү фактысын жеринде териштирүү максатында Чүй облусундагы «Үмүт жана Ко», «Ак Сүт» компанияларында инспекциялык иш сапарда болдук. Текшерүүлөр алдыда улантылат»- дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Ысык-Атада сүттөр дарыяга төгүлүп жаткан видео https://7tv.kg/ysyk-atada-s-tt-suuga-t-g-p-zhatkan-video-tarady/тараган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1241