7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

402

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына барат. Бул тууралуу президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулашат.

Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча Президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

403