7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолукту

627

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолукту. Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган.

Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу ар кандай медиа-секторлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышты.

Президент менен ММК жетекчилеринин ортосундагы баарлашуу эки сааттан ашык уланып, анын жүрүшүндө коом үчүн жана түздөн-түз медиа чөйрө үчүн маанилүү маселелердин ар кандай аспектилери каралды.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ММК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.

628