7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев САП тышкы иштер министринин орун басарын кабыл алды

389

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабия Падышалыгынын тышкы иштер министринин орун басары Валид бин Абдулкарим Аль-Хурейжини кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги кезектеги 2-саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Бишкекке келген.

Министр Кулубаев КР менен САПтын ортосундагы саясий диалогдун деңгээлин жана эки тараптуу мамилелерин өнүгүү динамикасын жогору баалап, ошону менен бирге ал өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнү, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал САПтын тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Саудга өзүнүн саламын жолдоп, кыргыз-сауд арабия мамилелериндеги баардык тармактарын талкуулоо максатында аны менен эртерээк жолугушуу ниетин билдирди.

Өз кезегинде Валид бин Абдулкарим Аль-Хурейжин жылуу кабыл алгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР министрлер кабинети менен САП өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан кыска мөөнөттө бошотуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

 

390