7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Мен да камалгам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин

1384

Камакта жаткан Алмазбек Атамбаев жөнүндө ызы-чууну бүгүн көрдүм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат” деген сөздөр болуптур. Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?»-, деп жазды өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1385