БШКнын 25-марттагы отурумунунда Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Талапкер Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды.
Буга чейин аталган округда Абдурахманхаджи Муртазалиев көп добушка ээ болгон. Бирок анын үстүнөн түшкөн арыздар каралып, Жогорку Сот борбордун административдик сотунун буга чейинки чечимин жана БШКнын Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды.