7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

560

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Азербайжан Республикасынын болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.

Тараптар акыркы эки жылда Бишкекте жана Бакуда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер кызматташтыкка маанилүү түрткү гана бербестен, эки өлкөнүн өз ара мамилесин таптакыр жаңы, сапаттуу мазмун менен толтургандыгын канааттануу менен белгилешти.

Эки өлкөнүн президенттери союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара берилгендикти ырасташты.

 

561