7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү (ФОТО)

583

Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Азербайжан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын тар курамдагы отурумуна катышуу үчүн залга өтүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

584