7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. (ФОТОРЕПОРТАЖ)

435

Бүгүн, 27-январда, Бишкек шаарында КРнын президенти Садыр Жапаров менен өлкөбүзгө мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы мрамор чатырынын алдында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү.

Өлкөнүн лидерлери бири-бири менен учурашкан соң Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң мамлекет башчыларынын алдынан Ардак кароол ротасынын жоокерлери салтанаттуу марш менен өтүштү.

Мамлекет башчылары чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин тар курамда сүйлөшүү залына киришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

436