7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болду

316

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ынтымак Ордо” имаратынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Венгриянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду, килемдер төшөлдү.

Садыр Жапаров менен премьер-министр Виктор Орбан бири-бири менен учурашып, андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин лидерлер тизилген катардын алдынан басып өтүштү. Салтанаттын жүрүшүндө алар тууга таазим кылышты, Венгриянын премьер-министри “Салам, аскер!” деп ротага кайрылып, саламдашты.

Андан кийин Садыр Жапаров жана Виктор Орбан өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырган соң Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.

 

317